Жээнбеков: Бабанов боюнча сүйлөшүү болгон эмес

Окуялар тизмеги 19 Дек 2018 11:57
0 ой-пикир

“Өмүрбек Бабанов боюнча эч кандай сүйлөшүү болгон эмес” деп билдирди бүгүн, 19-декабрда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында.

— Мен Бабановду КТРКдагы дебаттардан көргөм, ошодон кийин көрө элекмин. Экс менен экөө эмне деп сүйлөштү, эмне макулдашуулар болду, аны билбейм. Бирок айтым коеюн, мен шайлоого кетип жатканда келечек боюнча эч кандай сүйлөшүү болгон эмес. Менин артыман эмне деп сүйлөшүштү, эмне сценарий түзүштү, ал менин проблемам эмес, — деди.

Жээнбеков “Саткын деп атка кондурушту мени. Мен бир топтун же бир адамдын кызыкчылыгын коргойм деп элге убада берген эмесмин, элдин кызыкчылыгын коргойм дегем” деп билдирди.

Ал эми Бабановго карата козголгон кылмыш иштер боюнча суроого жооп берип жатып президент Кыргызстан укуктук мамлекет экенин белгилеп, ачылган кылмыш иштер жабыла берсе бандиттик өлкөгө айланарын, мыйзамдын чегинен эч ким чыкпашы керектигин айтты.

“Мыйзамдын алдында ишти козгогон да, жоопко тартылган адам да бирдей болушу керек” деди.

Жээнбеков кошумчалагандай, учурда Кыргызстанда 468 иш кайра каралып жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.