“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 16-19-декабрь күндөрү өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт. 16-декабрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.
17-19-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаайт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан катуу жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8,
Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз +6…+11,
Баткен облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…-7, күндүз +2…+7,
Нарын облусунунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…-8 градус болот.
Бишкек шаарында 14-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн туман түшүшү мүмкүн. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…-3° , күндүзгү жогорку температурасы 5…7° болот.