Депутат Бабановдун ишин парламентте талкуулоону сунуштады

Окуялар тизмеги, Өлкө 12 Дек 2018 10:38
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты Максат Сабиров Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иши боюнча парламентте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Башкы прокуратуранын маалыматын угууну сунуштады. Ал парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып буга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин акыркы билдирүүсү негиз болорун айтты.

— Экс-президенттин сөзүндө “Өмүрбек Бабановгосаясий куугунтук боюнча бир топ маселени кайра карап чыкса болот” деп айтылды. Аны Жогорку Кеңеш карап, угуп койбосок болбойт. Анткени «саясий куугунтукта бир топ адамдар бар» деп айтып жатабыз. Өмүрбек Бабанов жөн эле көчөдө жүргөн эмес. Президенттик шайлоодо экинчи орунду алган адам, — деди Сабиров.

Эл өкүлүнүн сунушу түштөн кийин добушка коюлганы калды. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Апрель ТВ” телеканалындагы акыркы маегинде былтыркы президенттик шайлоодо утулуп калган Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштери жабылышы керек экенин айтты. Ал Бабанов шайлоо өнөктүгү маалында кастыкты козутууну көздөбөгөнүн кийинки кадамдары менен далилдегенин билдирди. Экс-президент Атамбаев Бабановго козголгон иштер жабылышы керек экенин жаңы президент Сооронбай Жээнбековго да айтканын белгилеген.

«Республика-Ата Журт» фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, учурдагы президент Сооронбай Жээнбековго утулуп калган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.