Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ай сайын төлөнүүчү жөлөкпул 33 пайызга көбөйдү

Окуялар тизмеги 03 Дек 2018 10:08
0 ой-пикир

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ай сайын төлөнүүчү жөлөкпул 33 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

Министр өткөн аптада майыптар арасында шахмат боюнча мелдеш өтүп, анын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөрдү сыйлоо учурунда өкмөт мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды социалдык интеграциялоо маселесине өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты.

Анын маалыматына караганда, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ай сайын төлөнүүчү жөлөкпул 33 пайызга көбөйдү. Мурда аларга 3000 сом жөлөкпул берилсе, эми 4000 сомдон ала баштайт. Өткөн аптада мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын караган ата-энелерге акы төлөө эрежеси бекитилди. Кочкоровдун айтымында, майыптардын укуктары тууралуу Бириккен улуттар уюмунун конвенциясын ратификациялоо боюнча да иш жүрүп жатат.

Мекеменин маалыматы боюнча ушу тапта Кыргызстанда 181 миңден ашуун майып адам каттоого алынган. Анын 29 миңден көбү 18 жашка чейинкилер. Буга чейин өлкөдө 177 майып жаран бардыгы, анын 29 миңи балдар экени айтылып келген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.