Хакерлер «Фейсбуктагы» 257 миң колдонуучунун маалыматтарын ачыкка чыгарышты

Без категории 03 Ноя 2018 11:46
0 ой-пикир

Хакерлер «Фейсбуктун» 257 миң колдонуучусунун маалыматтарын Интернетке жарыялап, сатыкка коюшту. 80 миңден көп кишинин жазышкан каттары ачыкка чыгып кетти. Бул тууралуу ВВС жазып чыкты. Хакерлер 120 миллиондон ашуун адамдын маалыматтарын уурдашканын айтышууда. Бир баракчанын баасы 10 центке бааланып жатат. Бардыгы болуп 200 өлкөдөгү пайдалануучулардын маалыматтары уурдалды. Эң көбү Украинага туура келет, арасында АКШ, Британия жана Орусия да бар.

ВВС бул карасанатайлыкка орусиялык хакерлердин тиешеси болушу мүмкүн деп эсептейт. Анткени аккаунттарды саткан сайттын электрондук почтасында mail.ru деген сервис көрсөтүлгөн, IP дарек болсо Санкт-Петербургда катталган. Журналисттер ал шаардагы «троллдор фабрикасы» менен байланышуу мүмкүн болбогонун жазышат.

Буга чейин хакерлер «Фейсбуктагы» 50 миллиондой пайдалануучунумиан баракчаларын бузуп киришкени кабарланган. Март айында британиялык «Cambridge Analytica» деген компания 2015-жылдан бери социалдык тармактын колдонуучулары жөнүндө маалымат чогултуп жүргөнү ачыкка чыккан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.