Самара Каримова музыкалык окуу жайдын директорлугуна мыйзамсыз дайындалган. Министрдин жообу

Окуялар тизмеги 02 Ноя 2018 11:47
0 ой-пикир

Ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы Ныязаалы атындагы музыкалык орто окуу жайдын директорлукка мыйзамсыз дайындалган. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди. Министр мекеменин статс-катчысы Каримованы директорлук кызматка мыйзам бузуу менен дайындаганын, андыктан ал чечим жокко чыгарылганын айтты.

— Самара Каримова өзү арыз менен кайрылган экен. «Менин каалоом бар, ушул орунга коюп берүүңүздү өтүнөм» деген арыз жазыптыр. Орун басарым ошол арызды канааттандырган.

Жаманкуловдун айтымында, Каримованы кызматка дайындоо тууралуу буйрукка министрликтин статс-катчысы өзү ишке киришкенге чейин эле кол коюп, документтер даяр болуп калган. Мындан тышкары териштирүүдө Каримованын кызматы тууралуу буйрукка статс-катчы Өзбекстанга кетип баратып кол койгону, анын башка күнү каттоого алынганы ачыкка чыккан.

Азамат Жаманкулов министр болуп быйыл 25-октябрдан тарта иштей баштаган.

Ал эми Самара Каримова Оштогу музыкалык орто окуу жайдын директору болуп дайындалганын министрлик 30-октябрда кабарлаган. Мекеменин маалыматында министр Азамат Жаманкулов алты айлык сыноо мөөнөтү менен ырчыны музыкалык мектепке жетекчи кылып дайындоо тууралуу чечим кабыл алганы айтылган.

1-ноябрда министрлик «кызматка дайындоодо мыйзам бузуулар болгон» деген жүйө менен Азамат Жаманкулов Каримованы иштен бошотконун жарыялады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.