Маданият, маалымат жана туризм министри кызматына 31 жаштагы Азамат Жаманкулов көрсөтүлдү

Окуялар тизмеги 25 Окт 2018 12:42
0 ой-пикир

Маданият, маалымат жана туризм министри кызматына Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов сунушталды. Бул тууралуу Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрайымынын орун басары Тазабек Икрамов билдирди.

Анын айтымында, аталган тармактык комитеттин кезектеги жыйынында карайт.

Жаманкулов аталган министрликке караган Туризм департаментинин директору болуп 2015-жылдан бери иштеп келет.

Мурдагы министр Султан Жумагулов 8-октябрга караган түнү таңкы саат 4:00дөр чамасында ооруканада көз жумган. Ал көп жылдардан бери онкологиялык оору менен жабыркап, 4-5 ирет Түркиядан операция жасатып келген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.