Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү тармагынын президенти Орхан Инанданын уурдалышы бир катар маанилүү суроолордун бетин ачты, ага жооп табуу кыйын болуп турат.
Кыргызстандын жараны Орхан Инандынын Түркиянын атайын кызматтар тарабынан уурдалганы бир катар нааразычылыктарды жана сындарды жаратты. Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Түркия бийлигинин аракеттерин сындап, “Анкаранын жалпы эле мыйзамдарды жана эл аралык укук нормаларын тоготпой турганын дагы бир жолу далилдеди” деди. Бул тууралуу Казакстандын Матрица.kz. басылмасынын аналитикалык материалында жазылган.
«Ал бир нече жума мурун кыргыз жеринде жоголуп, Түркиянын атайын кызматтары аркылуу өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кеткенин Кыргызстандын өкмөтү Анкарага каршы чыга алган эмес же уюштурууга катышкан деп божомолдоого болот», — деди HRW уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон.
Укук коргоочу тарабынан саналган үч варианттын ичинен акыркысы – Кыргызстан Түркия менен сүйлөшүп алган дегени чындыкка жакындай. Кыргыз бийлигинин акыркы билдирүүлөрү ушундай ойго түртүүдө.
Инандыны кылмышкер катары көрсөткүлөрү келип жатабы?
Бишкек ШИИББи Орхан Инанды 2012-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын ID-паспортун алганын, ошол эле жылдын декабрь айында Кыргызстандын жалпы жарандык паспортун алганын, аны менен катар эле, Орхан Инандынын Түркиянын жараны деген паспорту да бар, анын мөөнөтү 2024-жылы бүтөрүн билдирди.
Укук тармагындагы эксперттер “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине көңүл буруу керектигин айтышууда. Анда, “Башка жарандыгы да бар Кыргыз Республикасынын жараны, ушул Мыйзамда жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын жараны катары гана Кыргыз Республикасы тарабынан каралат” деп так жазылган.
Мындан улам, Орхан Инанды Кыргызстандын мыйзамдуу жараны деген жыйынтык чыгарууга болот. Муну “Социал демократтар” партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков КР УКМКсынын төрагасы К.Ташиевдин билдирүүлөрүнөн кийин Facebook түйүнүндөгү баракчасында президент С.Жапаровго жана Башкы прокурор К.Зулушевге жазган кайрылуусунда да белгилеп өткөн.
«Орхан Инанды КРга 25 жыл мурда келген жана бул жылдар аралыгында Кыргызстанда жашап, иштеп жүргөн, 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган, КРнын мыйзамы кош жарандуулукка тыюу салбайт, ал эми Инандыга карата кылмыш иштери Түркия тарабынан 2016-жылы ачылган, ошондуктан Камыбек Ташиевдин сөздөрү Кыргыз Республикасынын жаранын дискредитациялоого багытталган деп ишенимдүү айтууга болот жана коомчулукта Кыргызстан менен Түркиянын атайын кызматы Кыргызстандын жаранын уурдоодо макулдашып иш кылышкан деген пикирди күчөтөт”-деген Султанбеков.
Садыр Жапаров билди беле?
Орхан Инандынын уурдалышы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун башкаруу маалына дагы кара так калтырат. Себеби буга чейин лидерлер Түркиянын кысымына кандайдыр бир түрдө каршы туруп келишкен. Жапаров эмгеги сиңген мугалимдин табышмактуу түрдө жоголгону боюнча кабардар болгон эмес дегенге ишенүү кыйын.
Ооба, атайын кызматтар мындай операцияларды жүргүзүп жатканда өлкө президентине маалымат бербей койгонго укуктуу, бирок Жапаров өлкөдө эмне болуп жатканынан кабардар болсо керек. Орхан Инандыны кайсы атайын кызматтар кыйнап, бир айдан ашуун убакыт туткунда кармап турган деген суроо да жоопсуз калууда.
Иликтөө жүрүп жаткандай түр көрсөтүп жатышабы?
Орхан Инанды уурдалган биринчи күндөн тарта (буга Түркиянын атайын кызматынын (MIT) катышы бар экени белгилүү факт – Эрдоган Түркиянын чалгындоочуларынын ийгиликтүү операциясы тууралуу сыймыктануу менен жар салды кыргыз бийлиги иликтөө жүрүп жаткандай түр көрсөтүштү.
Бул оор кылмыштын бетин ачууга бийлик кызыкдар болгондой түр көрсөттү. Алар жада калса, мугалимдин тарапташтарына өкмөттүн, парламенттин, Түркиянын Бишкектеги элчилигинин алдында митингдерди жана пикеттерди өткөрүүгө уруксат беришти.
Мындан сырткары, президент Садыр Жапаров Кыргызстан аны кайтарып алууну талап кыларын билдирди. Бирок бул жөн гана формалдуулук – укмуш иштеп жатабыз деген гана көргөзмө болуп калды, бул көрүнүш бир айдан бери уланып келет жана дагы улана берет өңдүү.
Мугалимдер террорист эмес!
Биз көп жылдар бою Казакстанда мугалим болуп иштеген адам менен маектештик. Анын жеке коопсуздугу үчүн биз ысымын атабайбыз. Биз аны Ибрагим деп атап коелу. Азыр ал Германияда жашайт, ал үч жыл үй-бүлөсү менен тентип жүрүп, саясий башпаанек алган.
2016-жылы 15-июлда Түркияда болгон төңкөрүш деп аталган спектаклден кийин географ жана тарыхчы Ибрагим, башка мугалимдер сыяктуу эле, Казакстандан куулган. Анын айтымында, Эрдогандын жана анын айланасындагылардын максаты — кандай гана болбосун бийликте болушунча узак мөөнөткө калуу.
Чет жакта жүргөн Фетхуллах Гүлендин жактоочулары деп, негизинен мугалимдерди уурдап кетүү — шайлоочулардын алдында кошумча упай топтоо жолу. Колдоо деңгээли түшкөндө колдонулчу саясий аргумент. Ошол эле учурда, мындай уурдоолор чет мамлекеттерде гана эмес, Түркиянын өзүндө дагы болуп турарын унутпаш керек.
Атайын кызматтар Эрдоганга түз баш ийишет жана шефинин амбицияларын канааттандыруу үчүн болгон аракетин кылышат. Ибрагим белгилегендей, Эрдогандын оюна Гүлендин кыймылын жок кылуу планы төңкөрүшкө чейин эле келген.
Эрдогандын мугалимдерди террорист кылып көрсөтүп, каралоосу Түркиянын ичинде чочулоону жаратышы мүмкүн экенин, бирок башка мамлекеттерге эч кандай таасир бербегенин, эл аралык коомчулук мугалимдер террорист боло албасын жакшы билишерин айтат Ибрагим.
Казакстан өз мугалимдерин коргойбу?
2017-жылы Нурсултан Назарбаев президент болуп турганда мугалимдерге байланышкан маселеге чекит койгон. Түркияга расмий иш сапары менен барып келген соң ал өлкөсүндө иштеп жаткан түрк мугалимдери экстрадицияланбай тургандыгын айткан.
“Бул жерде иштеп жаткан түрк мугалимдеринин күнөөсү далилденген жок. Эгерде силер алардын күнөөлүү экени тууралуу кандайдыр бир далилдерди берсеңер биз аны карап көрөбүз. Биз күнөөсүз адамдарды силерге жөн эле берип, алардын негизсиз камалуусуна жол бербейбиз. Бул менин акыркы сөзүм жана талкуулоого жатпайт. Талкуу аягына чыкты”,-деген Назарбаев.
Ал эми Кыргызстан тууралуу айтсак, биз Эрдогандын режиминин катуу кысымы уланып жатканына күбө болдук. Бул жерде коркутуу же чоң акча барбы? Балким. Мамлекеттик кызыкчылыкты шылтоо кылуу менен айрым саясатчылардын амбициялары күнөөсүз адамдын тагдырын талкалаганы көрүнүп турат.
Автор: Рахым Алимулы