Вирус жугузуп алгандардын эң көбү Бишкекте

Окуялар тизмеги 27 Июн 2021 12:20
0 ой-пикир

Акыркы бир суткада Кыргызстанда коронавирус 992 кишиден жаңы аныкталды. Бул былтыркы жылдын июль айынан берки эң жогорку көрсөткүч. Вирус жугузуп алгандардын эң көбү Бишкекте. Алардын саны 567 адам.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 27-июндагы маалыматына ылайык, COVID-19 инфекциясынан дагы алты бейтап каза болду. Алардын үчөө Бишкекте, экөө Жалал-Абадда, бирөө Чүйдө катталды. Муну менен илдеттин курмандыктары 1 977 кишиге жетти.

Мурда ооруп жаткандардын ичинен 550 киши сакайып чыкты.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.