Таажы вирусунун индиялык «Дельта» штаммы өлкөдө жазында эле табылган

Окуялар тизмеги 24 Июн 2021 15:28
0 ой-пикир

 Республикада жайылып жаткан COVID-19тун индиялык жаңы «Дельта» штаммы болушу мүмкүн. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин эпидемиологиялык бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди.

Анын айтымында, индиялык штамм өлкөдө жазында эле табылган, ошондуктан жаңы «Дельта» штаммы дагы болушу мүмкүн.

«Лабораториялык анализдер жакын арада келип калат, ал майда Новосибирсктеги (РФ) институтка жөнөтүлгөн. Анализдердин жыйынтыгы менен өлкөдө COVID-19дун кандай штаммдары бар экенин билүүгө болот. Азыр жаңы «Дельта» штаммынын канчалык деңгээлде жайылып жатканын аныктай албайбыз»,-деди ал.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.