Өмүрбек Бабанов камакта калды

Окуялар тизмеги 22 Июн 2021 12:53
0 ой-пикир

Бүгүн, 22-июнда Бишкек шаардык соту “Кумтөр иши” боюнча камакка алынган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызды карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Бабановдун адвокаты саясатчыны үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч келтирген.

Ал эми соттун имаратынын алдына Бабановдун ондогон тарапташы чогулуп, “Үй камагына чыксын!”, “Боштондук!” жана “Адилет сот!” деп кыйкырып турушат.

Бабановду 31-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алган. Ага Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлган. Биричи май райондук соту саясатчыны 31-июлга чейин тергөө абагында калтырган.

2011-2012-жылы премьер-министр болгон Бабанов кылмыш ишин “абсурд” деп атаган. Атайын кызмат ага тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде иш козголгонун билдирген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.