Бабановдун сотуна жубайы менен уулу киргизилди

Окуялар тизмеги 22 Июн 2021 11:03
0 ой-пикир

Бүгүн, 22-июнда Бишкек шаардык соту «Кумтөр иши» боюнча камакка алынган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасын жабык карап жатат. Ага саясатчынын аялы менен уулу гана бир катар тоскоолдуктардан кийин киргизилди. Мирлан Жээнчороев баштаган Жогорку Кеңештин айрым депутаттары сот жараянына киргизилген жок.

Соттун имаратынын алдына Бабановдун ондогон тарапташы чогулуп, «Үй камагына чыксын!», «Боштондук!» жана «Адилет сот!» деп кыйкырып турушат.

Бабановдун адвокаты саясатчыны үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч келтирген.

Бабановду 31-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алган. Ага Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлган. Биричи май райондук соту саясатчыны 31-июлга чейин тергөө абагында калтырган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.