Кыргыз ишмерлери Өмүрбек Бабановдун боштондугу тууралуу Садыр Жапаровго кайрылышты

Окуялар тизмеги 21 Июн 2021 11:12
0 ой-пикир

Апас Жумагулов, Роза Айтматова жана башка кыргыз ишмерлери Өмүрбек Бабановдун боштондугу тууралуу Садыр Жапаровго кайрылышты. Кыргызстандын мамлекеттик жана маданий ишмерлери Өмүрбек Бабановдун камалышын негизсиз деп, президент Садыр Жапаровго конституциялык гарант катары ачык кайрылуусунда анын бошотуусун суранышты. «Башында күбө катары суракка чакырып, кийинкилерине келип туруу милдеттенмесине кол коюп бергенден кийин, бул чечим бир заматта өзгөрүп кетип, башка тергөөчү тарабынан камакка алынышы, баш коргоо чарасы каралган соттук териштирүүнүн жабык өткөнү, аудио-видео файлдардын атайын берилбей, жок болуп кеткени, ага коюлуп жаткан айып тууралуу ачык маалыматтын жоктугунан улам Өмүрбек Бабановдун камакка алынышы негизсиз болуп жатканына ынандык», — дешет ишмерлер. Ачык катка геология-минералогия илимдеринин доктору Апас Жумагулов, академик Абдыганы Эркебаев, академик жана КРнын экс-спикери Алтай Бөрүбаев, Эл акыны Анатай Өмүрканов, Кыргыз Республикасынын Баатыры, нейрохирург Миталип Мамытов, Кыргыз Республикасынын экс-мамлекет катчысы Накен Касиев, профессорлор Роза Айтматова, Муратбек Бегалиев, Сулайман Кайыпов, генералдар Абдыгул Чотбаев жана Анатолий Скаргин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экс-вице-премьер-министри Уктомхан Абдуллаева кол коюшту.Кайрылууга кол койгондор Өмүрбек Бабанов өкмөттө иштеп турганда «Центерра Голд» менен болгон эски келишимдерди кайра карап чыгуу зарылдыгы жөнүндө ачык айтып, 16 300 гектар жерди Кыргызстанга кайтарып бергенин эскеришти. Жеңилдетилген насыяларды берүү жөнүндө жарлыгы менен, Кумтөрдүн эсебинен ал көптөгөн муктаж үй-бүлөлөргө жардам берди. Ошентип, ал Кыргызстандын гана кызыкчылыгын коргогон деп белгилешти. «Эгер Өмүрбек Бабановдун Кумтөр боюнча мыйзам бузуулары болсо, мурдагы бийлик саясый куугунтукка алып жаткан учурда эле иш козготуп, айыбын такмак», — деп ишмерлер айтууда. Алардын айытымында, мыйзамдуулук үчүн күрөштө, Өмүрбек Бабанов сыяктуу күнөөсүз адамдар жапа чекпеши керек. «Бабанов өзүн иш билги, мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө алган инсан, реформатор, элдин чыгаан уулдарынын бири катары көрсөтө алды. Эң башкысы, биз анын мамлекеттик кызматта эмес, ага чейин жеке бизнестери менен ишкерлик аркылуу бийик деңгээлдерге жеткендигин билебиз… Такшалган, кыйын кезеңдерде элине ар дайым колун сунуп, жардамын аябай келген уулдарыбыздын акыл-тажрыйбасын эл керегине пайдалануу зарыл», — деп билдиришти ачык кайрылууга кол койгондор.«Өмүрбек Бабановго болгон бөгөт чарасын тышка кетпөөгө өзгөртүп, боштондукка чыгарууну өтүнөбүз. Тергөө, сот иш-аракеттери ачык-айкын өткөнү элибиз үчүн абдан маанилүү», — деп жыйынтыкташты коомдук жана мамлекеттик ишмерлер.

Эскерте кетсек, 31-майда УКМКнын тергөөчүсү Өмүрбек Бабановду күбө катары суракка чакырып, чакырык аркылуу келүү милдеттенмесине колун койдурган. Бирок суракка катышпаган дагы бир тергөөчү — УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобунун башчысы, камакка алуу протоколу менен келип, Бабановду эки суткага камады. 2-июнда Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясы Чыңгыз Бердимуратов коомчулуктун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусуз жабык сот отурумун өткөрүп, Бабановду эки айга УКМКнын абагына отургузду. Өмүрбек Бабанов сотту мыйзамсыз жана абсурд деп атап, андан кийин абактан соттун жана тергөөчүнүн мыйзамсыз аракеттерин сынга алып, кат жазган. Бир катар саясатчылар, адвокаттар жана эксперттер анын камалышын мыйзамсыз деп атап, 3 миңден ашуун кыргыз жараны УКМКнын абагында далилсиз камалганын айтып, бошотулушун талап кылышты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.