Таажы вирусунун жайылышына байланыштуу кайрадан стационарлар ачылды

Окуялар тизмеги 20 Июн 2021 16:53
0 ой-пикир

Бишкек шаарындагы күндүзгү стационарлар кайрадан ачылууда, — деп маалымдайт мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, шаарда эпидемиологиялык кырдаал начарлоодо.

Мектептердин базасында ачылган күндүзгү стационарлар:

  • Биринчи май району: Патриса Лумумба көчөсү 10, – №83 мектеп;
  • Ленин району: Жогорку Жал кичи району, 45 дарегинде жайгашкан № 95 мектеп;
  • Свердлов району: «Дордой» конушундагы №94 мектеп;
  • Октябрь району: Абдымомунов көчөсү, 197 дарегинде жайгашкан «Сейтек» Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борбору.

Мэриядан кошумчалашкандай, күндүзгү стационарлардын баары кычкылтек концентраторлору жана керектүү жабдыктар менен жабдылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.