Бишкек шаарындагы күндүзгү стационарлар кайрадан ачылууда, — деп маалымдайт мэриянын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, шаарда эпидемиологиялык кырдаал начарлоодо.
Мектептердин базасында ачылган күндүзгү стационарлар:
- Биринчи май району: Патриса Лумумба көчөсү 10, – №83 мектеп;
- Ленин району: Жогорку Жал кичи району, 45 дарегинде жайгашкан № 95 мектеп;
- Свердлов району: «Дордой» конушундагы №94 мектеп;
- Октябрь району: Абдымомунов көчөсү, 197 дарегинде жайгашкан «Сейтек» Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борбору.
Мэриядан кошумчалашкандай, күндүзгү стационарлардын баары кычкылтек концентраторлору жана керектүү жабдыктар менен жабдылган.