Таажы вирусунан 4 адам каза тапты

Окуялар тизмеги 18 Июн 2021 11:37
0 ой-пикир

Кыргызстанда 18-июнга карата коронавирус дагы 653 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында маалымдалган.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 269, Ош шаарында – 73, Чүй облусунда – 116, Ош облусунда – 74, Талас облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 15, Жалал-Абад облусунда – 69, Баткен облусунда – 32 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 372 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 215, Ош шаарында – 18, Чүй облусунда – 59, Ош облусунда – 25, Талас облусунда – 1, Нарын облусу – 8, Ысык-Көл облусунда – 14, Жалал-Абад облусунда – 18, Баткен облусунда – 14 адам», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3, Ош шаарында – 1 бейтап каза болду.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.