Садыр Жапаровдун Түркия Республикасына расмий иш сапары аягына чыкты

Окуялар тизмеги 12 Июн 2021 10:38
0 ой-пикир

Президенти Садыр Жапаровдун Түркия Республикасына расмий иш сапары жыйынтыкталды.

Мамлекет башчысынын иш сапары Анкара шаарындагы «Аныткабир» мемориалдык комплексине — Түркия Республикасынын негиздөөчүсү, Мустафа Кемал Ататүрктүн бейитине гүлчамбар коюу менен башталды.

Андан ары Президент Садыр Жапаров Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен тет-а-тет форматында жолугушту жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынына катышты.

Эки өлкөнүн башчылары кыргыз-түрк эки жана көп тараптуу кызматташтыгынын абалы менен келечегин, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү өз ара кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.