Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды Кыргызстанга чакырды

Окуялар тизмеги 10 Июн 2021 13:52
0 ой-пикир

Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

«Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган Анкарадагы президенттин Сарайынын панорамасында жылуу маанайда баарлашты. Кыргызстандын лидери коштошуп жатып түркиялык кесиптешин дагы өлкөгө иш сапар менен келип кетүүгө чакырды», — деп жазган Султанбаев.

Белгилей кетсек, Жапаров Түркияга болгон расмий иш сапарын алкагында күн мурун Режеп Тайып Эрдоган менен Анкара шаарында расмий жолугушуп, бир катар документтерге кол коюшкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.