Эндрю Качинс Кыргызстандан чыгарылбайт, — УКМК

Окуялар тизмеги 10 Июн 2021 11:40
0 ой-пикир

Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ) мурдагы президенти Эндрю Качинс Кыргызстандан чыгарылбайт.

Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдап, эгер Качинс АКШга кетүүнү көздөсө, анда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы аны колго түшүрө турганын эскертти.

Эндрю Качинс Кыргызстандын Жазык кодексинин жана Жоруктар кодексинин баңгизатка байланыштуу бир канча беренелери менен шек саналып жатат. Өзүнө 3-июнда расмий кабарланганын Башкы прокуратура билдирди.

Качинс апрелде милицияга суракка чакырылган. Университеттин жетекчилиги жана окутуучулары муну Качинске карата туура эмес мамиле, чаташкан окуя деп сыпатташкан. Өзү комментарий берген эмес.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.