Учууга 4-5 саат калганда келиши керек: «Манас» эл аралык аэропортунан коронавируска ПЦР-тест тапшыруучуларга эскертме

Окуялар тизмеги 08 Июн 2021 11:25
0 ой-пикир

Жүргүнчүлөр «Манас» эл аралык аэропортунан коронавируска ПЦР-тест тапшыргысы келсе учууга 4-5 саат калганда келиши керек. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы кабарлады.

Майдын этегинен тарта аэропортто коронавирусту тез аныктаган ПЦР-лаборатория ишке киргизилгени белгиленет.

Тесттин жыйынтыгын 1,5-2 саатта алам дегендер 3 499 сом, ал эми 4-5 саат күтөм дегендер 2 399 сом төлөй турганы айтылат. Ошол үчүн аэропортко келүүнүн убактысын ойлонуштуруп алуу сунушталган. Анализди имараттын экинчи кабатынан күндүзгү саат 8:00дөн 18:00гө чейин тапшырса болот. Жыйынтыгын amsbiolab.kg сайтынан же «Манас» аэровокзалынын 1-кабатынан үч тилде алууга мүмкүн.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.