Садыр Жапаров бир катар сотторду дайындады

Окуялар тизмеги 08 Июн 2021 09:43
0 ой-пикир

 Президент Садыр Жапаровго Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустук сотторунун жана Бишкек шаардык жана Бишкек шаарынын Ленин, Свердлов райондук сотторунун бирден бош судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 10 талапкер боюнча сунуштар берилген. Бул судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктаганына байланыштуу, деп билдирди 7-июнда өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Мамлекет башчы 10 талапкерди жергиликтүү соттордун судьясы кылып дайындады.

  • Ош облусу

— Ош облустук сотуна:

— Атаев Замирбек Исмаилович;

— Жунусов Заурбек Турдубаевич.

  • Жалал-Абад облусу

— Жалал-Абад облустук сотуна:

— Калыков Бакыт Үсөнканович;

— Султанканов Бактыбек Султанканович.

  • Ысык-Көл облусу

— Ысык-Көл облустук сотуна:

— Кудабаева Гүлбара Ишенова.

  • Нарын облусу

— Нарын облустук сотуна:

— Дүйшөнбекова Майрагүл Мырзабековна.

  • Бишкек шаары

— Бишкек шаардык сотуна:

— Бектемирова Салтанат Кубанычбековна;

— Өмүралиева Анара Медербековна.

  • Ленин райондук сотуна:

— Кайыпов Самат Таштанович.

  • Свердлов райондук сотуна:

— Назирдинова Чолпон Жыргалбековна.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.