Кыргызстанда бир суткада 337 адамдан COVID-19 табылып, 5 бейтап каза болду

Окуялар тизмеги 06 Июн 2021 14:03
0 ой-пикир


Кыргызстанда 6-июнга карата коронавирус дагы 337 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 126, Ош шаарында – 62, Чүй облусу – 36, Ош облусу – 45, Талас облусу – 1, Нарын облусу – 5, Ысык-Көл облусу – 21, Джалал-Абад облусу – 33, Баткен облусу – 8 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 333 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 191, Ош шаарында – 6, Чүй облусу – 69, Ош облусу – 4, Талас облусу – 5, Нарын облусу – 0, Ысык-Көл облусу – 39, Жалал-Абад облусу – 15, Баткен облусу – 4 адам», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 5 бейтап каза болду. Тактап айтканда, Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 1 бейтап көз жумду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 732 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 914 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 086 бейтаптын абалы орто оордукта, 509 адамдын абалы оор жана 102 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 742 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 619 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 106 миң 973 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 100 миң 447 киши айыгып чыкса, 1 миң 847 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.