Депутат Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлерин ротациялоо керектигин айтты

Окуялар тизмеги 05 Июн 2021 18:21
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов Бишкек шаарындагы коомдук транспорт көйгөйүн эске алуу менен Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин ротация кылууну Президентке сунуштады.

Депутат эки шаардагы коомдук тарнспорттук төйлөө тарифтерин салыштырып көрүп, жумушту уюштурууда мэрдин ролу чоң экендигин эскертет.

«Эки шаарда тең маршруттун жол акысы 10 сомдон. Бирок Ош шаарында күйүүчү майдын баасы жогору. Ошону менен бирге, Ош шаарында окуучулар 5 сомдон төлөйт. Ал эми Бишкекте 10 сом.Ошого да карабай иш токтоп, шаардыктар кыйналып жатат«-деген видео кайрылуусун өздүк баракчасына жарыялаган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.