Ош облусунун Алай районунда кыргыз-тажик чек арасына бараткан Коргоо министрлигинин МИ-8 тик учагы кулаганы айтылууда

Окуялар тизмеги 04 Июн 2021 16:18
0 ой-пикир

Мындай маалымат интернет булактарында тарады. Айрым маалыматтарга караганда, авариялык кырдаалга байланыштуу учак кондурулган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кулаган тик учакта УКМК башчысы Камчыбек Ташиев болгон эмес, ал Алай районуна экинчи тик учак менен барган.

Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы бүгүн, саат 14:00гө карата Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасынын Унжу-Булак аймагында абал туруктуу экенин кабарлады. Чек ара кызматынын бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте кызматта.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.