Коронавирустан 7 адам каза болду

Окуялар тизмеги 04 Июн 2021 13:32
0 ой-пикир

Кыргызстанда коронавирус дагы 383 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 177, Ош шаарында – 38, Чүй облусунда – 78, Ош облусунда – 20, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 28, Жалал-Абад облусунда – 22, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 320 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 161, Ош шаарында – 16, Чүй облусунда – 87, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 14, Жала-Абад облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 28, Баткен облусунда – 3 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Ысык-Көл облусунда – 2 бейтап каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.