Эрбол Султанбаев “Кумтөр ишине” байланыштуу соңку камакка алуулар тууралуу билдирүү таратты

Окуялар тизмеги 04 Июн 2021 12:32
0 ой-пикир

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Кумтөр ишине” байланыштуу соңку камакка алуулар тууралуу билдирүү таратты.

Анда бул кылмыш иштерин саясат менен байланыштырып, саясий куугунтук катары баалоо – орунсуз экени айтылган.

“Бул иштер саясий куугунтук, саясатка байланыштуу“ деген сыяктуу билдирүүлөр — орунсуз. Жүргүзүлүп жаткан иштерден саясий себеп издеп, тергөөнүн объективдүүлүгүнөн шек санаган айрым жарандардын сөздөрүндө эч кандай негиз жок. Мен бардык тараптарды сабырдуулукка чакырар элем. Чекитти тиешелүү компетенттүү органдар коюшу керек”, деп жазылат билдирүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.