Чоң-Алай районунун Унжу-Булак жергесинде кырдаал туруктуу

Окуялар тизмеги 04 Июн 2021 15:05
0 ой-пикир

4-июнь, түшкү саат 14:00гө карата Чоң-Алай районунун Унжу-Булак жергесинде кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш кызматы кабарлады.

«Ош облусунун Чоң-Алай районунун Унжу-Булак жергесинде кырдаал саат 14.00го карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде салыштырмалуу туруктуу.
Тиешелүү кызмат ордундагы адамдар учурда ал аймакка барышып, жагдайды турукташтыруу боюнча бардык чараларды көрүшүүдө.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан УКМК Чек ара кызматынын тарамдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө«,- деп жазылат маалыматта.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.