Асылбек Жээнбековдун кызы: «Атам Кудайдын алдында таза”

Окуялар тизмеги 04 Июн 2021 16:52
0 ой-пикир

Менин атам жасаган иштерин эл көрсүн үчүн жасаган эмес. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун кызы билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.

“Менин атам, менин баатырым, менин жашоомдогу идеалымдын мыйзамсыз  кармалганына үч күн өттү. Албетте, баарыңар ойлойсуңар, ар бир адам ата-энесин сүйөт жана аны улук көрөт деп, бул түшүнүктүү. Бирок 30 жылдык өмүрүмдө мен адамдарды жетиштүү эле билип калдым. Мага ушундай ата-энелерди берген Жаратканга ыраазымын. Жакындарыма мен аларды кандай жакшы көрөрүмдү, алар менен сыймыктанарымды көп айта бербейм.

Азыр менин боорукер, шайыр, акылман атам мага жетпей турат.  Аны менен телефон аркылуу чалып же “Вотсап” аркылуу жазыша албайм. Мен аны менен учурдагы маселелерди, акыркы окуяларды талкуулай албайбыз. Аны менен  тамактанып, аны бекем кучактай албайм. Бирок Кудай буйруса мен мунун баарын ишке ашырам, атам сөзсүз чыгат, анткени ал күнөөлүү эмес.Атам  бизге бардыгы Кудайдын каалоосу менен деп  үйрөтүп келген. Атамды коомчулуктун көзүнө өлкөнүн башкы “коррупционери”,  “желмогузу” катары көрсөтүү үчүн душмандар көп акча, күч жана убакыт сарпташты. Алар ийгиликке жетишти. Ушул убакытка чейин атам өзүн-өзү мактоого көңүл бурган жок. Дайыма Кудай бардык адамдардын адилеттүү иштерин, ойлорун көрүп турат, негизгиси Кудай алдында таза болуу керек деп айтат. Атам Кудайдын алдында таза”,- деп билдирүү калтырган Асылбек Жээнбековдун кызы.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.