Кумтөр кенине байланыштуу Мухаммедкалый Абылгазиевге да кылмыш иши козголду, — Камчыбек Ташиев

Окуялар тизмеги 17 Май 2021 14:46
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Кумтөрдүн” жетекчилигине каршы козголгон кылмыш ишин иликтөөдө. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, Кумтөр кенине байланыштуу төрт кылмыш иши бар.

«Алардын бири мурунку премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышкан кылмыш иши. Компанияга кошумча жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө. Салыктык чегерүүлөрдү эсептөө жана зыяндуу заттардын жүгүртүлүшү жана абанын булганышынын эрежелерин бузуу жөнүндө иш бар», – деди Камчыбек Ташиев.

Анын айтымында, компаниянын жетекчилигине бир кылмыш иши козголгон. «Келишимге кол койгон бардык чиновниктердин жоопкерчилигин карайбыз. Кумтөрдөн колдоо алган депутаттарга дагы тиешебиз бар. Бул негизсиз айыптоолор эмес, бул конкреттүү айыптар коюлган конкреттүү кылмыш иштери », – деди Камчыбек Ташиев.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.