Садыр Жапаров Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия региону боюнча вице-президенти Анна Бьерде менен жолугушту

Окуялар тизмеги 12 Май 2021 09:23
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-майда, Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия региону боюнча вице-президенти Анна Бьерде менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызстанды өнүктүрүүнүн артыкчылыктары жана Дүйнөлүк банк менен кызматташуунун стратегиялык багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы атамекендик экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууда Дүйнөлүк банктын олуттуу колдоосун баса белгиледи.

Өлкөнүн инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда жемиштүү кызматташуу болгонун канааттануу менен айтты. Президент стратегиялык максаттарды жана алдыдагы реформаларды ишке ашырууда өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу Кыргызстан үчүн өтө маанилүү экендигине токтолду.

Садыр Жапаров экономикалык өсүштү камсыз кылуу боюнча Министрлер кабинетинин алдына коюлган максаттар тууралуу айтып берди. Ал үчүн инвестициялардын агымын көбөйтүү, экспорттун көлөмүн жогорулатуу, өлкөнүн обочолонушуна жана азык-түлүк товарларынын бааларынын өсүшүнө жол бербөө сыяктуу бир катар чоң-чоң долбоорлорду ишке ашыруу керек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.