Өмүрбек Бабанов коронавируска каршы эмделди

Окуялар тизмеги 11 Май 2021 17:30
0 ой-пикир

Мурунку өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов коронавируска каршы эмдөө алды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы жеке баракчаксы аркылуу билдирди.

«Ковидди жеңиш үчүн жалпы вакцинациялоо керек. Sputnik V же Синофармбы, ар ким өзү тандашы керек. Мен бизде сунушталып жаткан Sinopharm менен вакцина алдым. Алганыма үч күн болду, кошумча эч бир симптом байкабадым. Баарыңыздарды вакцина алууга үндөйм. Ден соолугуңуздар чың болуп, жакындарыңыздар дайыма жаныңыздарда болсун!», — дейт ал.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.