Уу коргошун 5-протоколго киргизилген жок

Окуялар тизмеги 20 Апр 2021 10:08
0 ой-пикир

Кыргызстанда коронавирусту аныктоо жана дарылоо боюнча бешинчи протокол бекитилди. Документ Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.

Мекеменин маалыматына караганда, протоколго министр Алымкадыр Бейшеналиев 16-апрелде кол койгон. Ал 38 пункттан турат жана коронавирусту аныктоо, диагноз коюу, дарылоо ыкмаларын өз ичине камтыйт. Бирок вирустан дарылоодо уу коргошунду пайдалануу жөнүндө сөз болгон эмес.

COVID-19 мутацияланып кетиши мүмкүндүгү белгиленип, бейтаптарга туш-келди дары-дармектерди, абалы жеңил жана орто болгондорго антибиотиктерди бербөө керектиги сунушталган.

Министр Бейшеналиев өткөн аптада журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып аконит же уу коргошун бешинчи протоколго киргизилиши мүмкүн экенин айткан.

15-апрелде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын жарыялаган. Эртеси Алымкадыр Бейшеналиев брифинг өткөрүп, уу коргошун ушул кезге чейин Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөнүн жана натыйжасы далилденгенин жарыялаган.

Медицина тармагында иштеген бир катар адистер жана жарандык активисттер уу коргошун адам өмүрүнө коркунучтуу экенин айтып, бул аракетти сындап жатышат. Ал арада «Фейсбук» компаниясы Садыр Жапаровдун COVID-19дан «айыктыруучу дары» тууралуу посту эрежеге ылайык келбегендиктен өчүрүлгөнүн ырастады.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.