Бишкек шаарында 117 адамга коронавирус диагнозу коюлду

Окуялар тизмеги 20 Апр 2021 12:02
0 ой-пикир

Бир сутка ичинде Бишкек шаарында 117 адамга коронавирус диагнозу коюлду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча башкы дарыгердин орун басары Айнагүл Рыскулбекова брифинг берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 102 адамдан коронавирус илдети аныкталса, башка региондон келгендерден 15 адамдан илдет тастыкталган.

Бишкек шаары боюнча:

Ленин району — 20;

Свердлов району — 18;

Биринчи Май району — 21;

Октябрь району — 43.

Ал эми башка региондон келгендердин ичинен 15 адамдан илдет аныкталды.

Сүрөт интернеттен алынды


Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.