Россияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар 15-июнга чейин өлкөдөн чыгып кетиши керек

Окуялар тизмеги 19 Апр 2021 11:07
0 ой-пикир

Россияда мыйзамсыз жүргөн постсоветтик мамлекеттердин миллиондон ашык жараны 15-июнга чейин өлкөдөн чыгып кетиши керек. Бул тууралуу Орусиянын ички иштер министринин орун басары Александр Горовой КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясынын отурумунда билдирди.

«Эгер мыйзамсыз жүргөн мигранттарды 15-июнга чейин өлкөдөн чыгара албасак, анда алар күч менен депортацияланып, алар үчүн өлкө чек аралары жабылышы мүмкүн. Бул боюнча өз өлкөңөрдө ЖМКлардын жана блогерлердин жардамы менен маалыматтык өнөктүктөрдү жүргүзсөңөр жакшы болор эле», — деди Горовой.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Орусиянын аймагында Өзбекстандын 332 миң, Тажикстандын 247 миң, Украинанын 152 миң, Азербайжандын 120 миң, Кыргызстандын 115 миң, Армениянын 61 миң, Молдованын 56 миң жана Казакстандын 49 миң жараны мыйзамсыз жүрөт.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.