Тарых сабактары. Парасыз шайлоо тууралуу

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 02 Апр 2021 16:58
0 ой-пикир

Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов атайын Elgezit.kg үчүн

Жаңы саясий жетекчи келгени шайлоодо добуш сатып алуу болбошу керек деп айтып келет. Бирок жергиликтүү кеңешке боло турчу шайлоого байланыштуу шайлоо өнөктүгүнөн көрүнүп тургандай, ага катышып жаткан партиялар бул талапка ылайык өзгөрүшкөн деле жок.

Партиялардын тизмелеринде акчанын күчү менен гана жеңишке жете турган капчыктуулар толуп алышкан. Мээси, жасаган иштери, элге кылган кызматы менен эмес, мыйзамсыз манипуляциялар менен жеңишке жетүүнү самагандар четтен чыгууда. Ошондуктан кайрадан эле добуш сатып алуу башталды. Кыргызстандын, элдин көйгөйү менен иши жоктор кайрадан эле өтө турган өңдөнүп калышты.

Ушундай депутаттар бийликке келүүсү керекпи? Бизге ушундай шайлоо зарыл беле?

БШК добуш сатып алууга шектелген бардык партияларды шайлоодон четтетиши керек. “Партиялаштар” алар “бир кайыкта” экенин түшүнүүсү абзел. Эгерде бир эле талапкер добуш сатып алууга аракет кылса, бүтүндөй партияны чөктүрөрүн билиши керек. Болбосо парламенттик шайлоо деле дал ушундай өтүп, кайрадан эле мурдагы көрүнүштөр кайталанышы мүмкүн.

Жарандык коом жана бийлик калкка татыктуу талапкерлерди кантип тандоо керектигин үйрөтүүсү керек. Тез арада шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү зарыл. Жергиликтүү кеңешке болгон шайлоого го кечигип калдык. Ал эми парламенттик шайлоодо партиянын тизмелери ачык болушу шарт. Шайлоо босогосунун төмөн болушу, шайлоо фондунун же күрөөнүн азайышы мыйзам чыгаруу органынын сапатын өзгөртө албайт. Сатып алуу болбосо партиянын тизмесиндеги талапкерлер атаандашышат. Партиялар капчыгы менен эмес, идеясы, элге белгилүү болгон абройлуу талапкерлери менен жеңишке жетишет.

Добуш сатып алуу жок болсо мажоритардык шайлоо эл ичинен чыккан чыгаандардын шайлоого катышуусуна жол ачат. Азыр алар бизде барбы? Аялдар, жаштар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн квота сакталабы?

Кыскасы, 2021-жылдын күзүндө эффективдүү кыргыз парламентин шайлап алуу үчүн азыртадан эле саясий партиялар тууралуу мыйзамдын үстүнөн иштөө керек. Партиялардын санын кыскартып, ирилештирип, партиянын жүзү, идеологиясы болушу керек. Өлкөгө 100 центристтик, 5 коммунисттик, 10 социал-демократиялык партиянын эмне кереги бар? Эгерде талаптар катуу болсо, партиялардын саны да азаймак, ошондо чыныгы саясий тандоо жүрмөк.

Элдин башын айландырууну токтотуу керек. Эл өкүлдөрү банкрот болгон бийликтин бир партиясынан экинчисине тобу менен кошулуп жатканына качанкыга чейин макул болуп жүрө беребиз? Бул ишти октябрь айында эле баштоо керек болчу…

Эми дайыма эле биз көрүп жүргөндөй эле эң маанилүү, башкы нерсеге убакыт жетпей калабы…

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.