1 миң 500дөн ашык кызматкер шайлоо өтүп жаткан аймактарда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздайт

Окуялар тизмеги 30 Мар 2021 11:04
0 ой-пикир

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдумда коомдук коопсуздукту 11 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү 2 миң 435 шайлоо тилкесинде коомдук тартипти камсыз кылуу максатында 4 миңден ашык милиция кызматкери бекитилген.

«Ар түрдүү укук бузууларды алдын алып, укук бузуулар аныкталган учурда ыкчам жана тез арада чара көрүү үчүн 215 документтештирүү тобу түзүлдү. Ал топтордо 900дөн ашык кызматкер күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Ошондой эле 380ден ашык автоунаа менен 1 миң 500дөн ашык кызматкер шайлоо өтүп жаткан аймактарда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздайт”, — дейт ал.

Урманбетов 5 апрелден тарта өздүк курам күчөтүлгөн тартипте иштей баштарын белгиледи.

“Жарандардын коопсуздугун камсыздоодо 6 миңден ашык элдик кошуун ички иштер органдарынын кызматкерлерине көмөк көрсөтөт”, — деди министрдин орун басары.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өтөт.

Cүрөт интернеттен алынды

Есть тема, видео, фото? Вы можете сообщить новость Elgezit.kg, отправив ее в WhatsApp или Telegram по номеру (0702) 825-261

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.