Акыркы жумада демократия флагманы болгон Кыргызстанда көптөгөн окуялар болду. Президент Садыр Жапаров тарабынан сунушталган мамлекеттик системаны өзгөртүү боюнча долбоорлор колдоого ээ болуп, бардык мыйзамдык процесстер тездетиле баштады. Колдоо ушунчалык чоң болгондуктан, жада калса, парламенттин түрмөдө отурган же каза тапкан депутаттары дагы кандайдыр бир жол менен аларга добуш берүүгө же аларды сунуштоого жетишти.
Бирок, Кыргызстанда табияттан тыш эч нерсе болбойт. Бул окуялардын баары бир нече айдан бери уланып келе жаткан мыйзам үстөмдүгүнөн чегинүүнүн же демократиялык укуктарды сыйлабастыктын бир бөлүгү болуп саналат. Бул тууралуу беделдүү европалык басылма The Brussels Times жазып чыкты.
Бул көрүнүштөн улам Кыргызстанды көп жылдан бери аймактагы жарандык коому эркин өлкө катары үлгү кылып көрсөтүп келген Freedom House 11 жылдан бери биринчи жолу Кыргызстанды “эркин эмес өлкөлөрдүн” катарына кошту.
Буга социалдык тармактарда улутчул саясатка жакын болгондуктан “кыргыз Трампы” атка конгон, жаңы, популист-президент Садыр Жапаров себеп болду.
Былтыркы жылдын октябрь айындагы нааразычылык акциялары учурунда Жапаров түрмөдөн бошотулган. Ал нааразычылык акциясы учурунда адамды барымтага алганы үчүн соттолуп, 10 жылдык абак жазасын өтөп жаткан. Ал тез арада эле премьер-министр болуп, ошол кездеги президентти кызматтан кетирүү үчүн өзүнүн таасирин колдонуп, өзүн парламенттин макулдугун ала электе эле президенттин милдетин аткаруучу деп жарыялады.
Россия Жапаровду колдоо менен жаратылыш кендерине бай болгон Кыргызстанда аскердик базасын жана таасирин сактап калууга аракет кылып келет. Ал өз кезегинде саясий кризис учурунда өлкөдө туруктуулук орнотууда Россия чоң роль ойногонун билдирип, Москвага ыраазычылыгын айтты.
Жаңы Конституция боюнча референдум
Эми жаңы президент шашылыш түрдө жаңы конституция кабыл алуу менен бийлигин чыңдаганы турат, бул президенттин бийлигин кеңейтип, башкалардын эркиндигин чектейт.
Кыргызстандагы демократиянын солгундашын токтотуу үчүн конституцияны өзгөртүүнү парламенттик шайлоого чейин жылдыруу, ошондой эле эксперттердин жана коомчулуктун талдоосуна коюу керек. Ушул шарттар аткарылганда гана жаңы конституция мыйзамдуу болот.
Борбор Азиядагы жалгыз парламенттик системанын авторитаризмге чөгүп кетишинин алдын алуу үчүн Европа Бирлиги Кыргызстан менен болгон тыгыз мамилесин колдонушу керек. Эгер Кыргызстан демократиялык принциптер боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткарбаса, каржылоо жана жеңилдик берилген соода мамилелерине кандай таасир берери тууралуу Европа Бирлиги Бишкекке эскертүү бериш керек.
Муну менен катар эле жакында Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы тарабынан конституциянын долбоору боюнча жарыяланган юридикалык корутундудан тышкары, Европа Бирлигинин парламенти Кыргызстан менен кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишимин ратификациялоону кийинкиге жылдырышы керек.
Азыр сунушталып жаткан конституция парламенттин эсебинен президенттин бийлигин чыңдап, бийликти жабык түрдө басып алуу болуп саналат. Конституциядагы беренелер президентке парламенттин мүчөлөрүн кызматтан алууга жана министрлерди дайындоого мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле, президент сотторду, башкы прокурорду жана Борбордук шайлоо комиссиясынын жарымын дайындоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондо бул кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жол ачат. Жапаров буга чейин бийликти өткөрүп берүү эрежелерин бузууга даяр экендигин көрсөткөндүгүн эске алганда, бул окуя терең тынчсыздандырат.
Жарандык коомду кыйратуу
Жаңы конституция пандемия учурунда өлкөдө маанилүү роль ойногон жарандык коомго дагы чоң сокку урат. Өткөн жылы жайында COVID күч алганда өлкөнүн саламаттыкты сактоо инфраструктурасы кыйраган учурда дал ушул жарандык коом, ыктыярчылар жардамга келишип, ооруканаларды коргонуучу кийимдер менен камсыз кылып, бейтаптарга кислороддук концентраттарды жеткирип, чоң жардам кылышкан.
Жаңы конституция бул уюмдарга алардын иш-аракеттерин чектөө жана көзөмөлдөө үчүн кеңири финансылык отчеттуулук шарттарды коюуга жол ачууда. Бул абдан тынчсыздандырат. Бул өкмөткө жарандык катышууну жөнгө салуу үчүн бүдөмүк «моралдык-этикалык баалуулуктарды» колдонууга мүмкүндүк берет, көптөгөн активисттер мындай кадам феминисттик жана башка прогрессивдүү демилгелерге тыюу салууга колдонулушу мүмкүн деп тынчсызданышууда.
Ушул жана башка чектөөлөр, мисалы, нааразычылык акцияларын өткөрүүгө алдын-ала уруксат алуу Россиянын Президенти Владимир Путиндин көптөгөн жылдар мурун оппозицияны басуу жана саясий бийликти монополиялаштыруу жолу катары кабыл алган чараларын эске салат. Кийинки жылдары Россия жана аймактагы авторитардык лидерлер реформаларды токтотуу үчүн аймакта ушундай чараларды жайылтышты. Мурда Кыргызстан эл аралык эркиндик жана ачыктык рейтингинде айырмаланып турса, азыр бул тенденция четке кагылышы мүмкүн.
Эгерде статус-кво Кыргызстанда бузула берсе, бул парламентте этникалык саясий партиялардын өкүл болушуна, саясий системага чектөө киргизет. Эгерде парламент ушул ар түрдүүлүктү караштыра турган аянтча болбой калса, анда Жапаров өкмөтү менен оппозициячыл партиялардын ортосунда катуу кагылышуулар болуп кетиши мүмкүн, анткени нааразычылыктарды билдирүү үчүн башка жолдор жабык болот.
Азырынча Жапаровдун планы 11-апрелдеги жалпы элдик референдумга чыгардан мурун жаңы конституция боюнча чектелген консультацияларды жана парламенттик талкууларды гана жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Бул бардык парламенттик процедураларды бузуу болуп саналат, себеби коомдук талкуулар, конституциялык эксперттер тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлбөй эле. Ошондой эле коомчулук деле толук маалымат ала алган жок. Бирок дал ушул коом эмнеге добуш берип жатканын билүүсү зарыл эле. Европа Бирлиги жана ага мүчө мамлекеттер Жапаровду Путиндин колдоосу менен Борбор Азияда демократиянын алоолонгон оту өчкөнчө күтпөстөн, азыркы конституцияда белгиленгендей, чектелген президенттик ыйгарым укуктары бар парламенттик системаны сактап калууга үндөшү керек.