«Шоро” компаниясынын жана “Супара” этнокомплексинин негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевдин элесине арналган музейде XIX-XX кылымдардагы кыргыз маданиятына тиешелүү уникалдуу экспонаттар чогултулган.
Музей Эгембердиевдин бейнесине арналган бөлүктөн жана ат жабдыктары, тери менен темирден жасалган идиш-аяк, жыгачтан жасалган буюмдар, жаргылчак, туш кийиздер көргөзмөсү, улуттук оюндар, улуттук музыкалык аспаптар жана зер жасалгалар деген өз-өзүнчө бөлүмдөрдөн турат.
Сүрөт интернеттен алынды



