«Ак куу көлү» спектаклин көрөрмандарга коёр алдында чыр чыкты

Окуялар тизмеги 07 Мар 2021 14:01
0 ой-пикир

Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 6-март күнү «Ак куу көлү» спектаклин көрөрмандарга коёр алдында чыр чыкты. Россиядан артисттерди чакырып, спектаклди уюштурган «Радужка» фонду муну атайын жасалган чагым деп сыпаттап, көрөрмандардан кечирим сурады.

Петр Ильич Чайковскийдин «Ак куу көлү» чыгармасын көрсөтүү үчүн аталган фонд орус балетинин көрүнүктүү артисттери Екатерина Первушина менен Сергей Мануйловду чакырышкан. Бирок спектакль белгиленген убакыттан 40 мүнөт өтсө да башталган эмес. Андан соң жергиликтүү артисттер сахнага чыгып, орусиялык артисттер менен иштешпей турганын билдиришкен. Фонддун жетекчиси Сагида Жумабекованын айтымында, чыр гонорарга байланыштуу чыккан. Келишимге ылайык, орус артисттерге акысын фонд бермек, ал эми спектаклге катышкан жергиликтүү артисттер кассадан алышмак.

— Артисттер сахнадан чыгып кетишти, телефондон кимдир бирөөдөн көрсөтмө алышты, кайра сахнага келип бизге «жок» деп айтышты. Алар фондго эмес, театрдын жетекчилигине наарызылыгы бар экенин айтышты. Анан биз алып келген артисттерден кечирим сурашты, бул атайын пландалганын айтышты. Аягында артисттерге да фонд акы төлөдү. Юридикалык жактан туура эмес болсо да, төлөп берди. Ошондо да ойнобойбуз дешти. Бирок спектакль тартууланды. Уят эле болду! Биз келишимдеги шарттардын баарын аткардык. Биз алып келген артисттер аябай жакшы бийлешти. Ушундай жагдай жаралып калганы үчүн көрөрмандардан кечирим сурайм. Алар түшүнүү менен кабыл алып, спектакль башталганга чейин отуруп, көрүп кетишкени үчүн ыраазымын.

Театрдын труппасынын өкүлү, балет репетитору Досмат Садыркулов Жумабекованын айткандарын четке кагып, эч кимге акы төлөнбөгөнүн айтты:

-Бул — коммерциялык максатта коюлган спектакль. Ошондуктан баасы да кымбат. Труппа бир тыйын да албайт. Бул мурдатан болуп келген көйгөй. «Радужка» коомдук фонду театрга ижара акысын төлөйт. Артисттерге төлөп берүүгө макул болбой, «силер бул жерден айлык алып иштейсиңер» деди. Ошондуктан, артисттерибиз сахнага чыгуудан баш тартышты. Аларга акы төлөп берилгени тууралуу маалымат да туура эмес. Баш тарткан артисттер аягына чейин турушту. Башка артисттер чыкты сахнага.

Орус артисттеринин катышуусундагы «Ак куу көлү» спектакли бир эле күнгө пландалган. Билеттин баасы 1000 сомдон 2000 сомго чейин сатылган. Спектаклдин башында жарнамасында Орусиядан артисттер Мария Бек менен Сергей Мануйлов келери айтылган. Кийин Бектин ордуна Екатерина Первушина келген.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.