Таэквондонун чемпиону Адэлина Чүй милициясында кызмат өтөйт

Окуялар тизмеги 06 Мар 2021 14:27
0 ой-пикир

Ички иштер органдарында көбүнчө мырзалар кызмат өтөгөнү менен алардын катарында айымдар да жок эмес. Учурда милицияда кызмат өтөп, көптөгөн ийгиликтерге жетишкен айымдар арбын. Андай айымдардын катарын толуктап, жаш болсо да өзүнүн жөндөмү менен ИИОдо татыктуу кызмат өтөп келе жаткан Чүй облусунун ИИББнын кайгуул күзөт кызматынын кызматкери милициянын кенже сержанты Бахтиярова Адэлина аттуу кызматкер тууралуу сөз кылууну туура көрдүк.
Аделинага ички иштер органдарында кызмат өтөөгө анын мүнөзү туура келээрин алгач ата-энеси сунуштаган. Кийин милицияда кызмат өтөө тууралуу кызыгуусу ойгонуп, Чүй облусунун ИИББнын кайгуул күзөт кызматынын бош орундарына конкурска катышып, баардык талаптарды мыкты аткарып, Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Ж.Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунда үч айлык окууну аяктап келип кызматка орношкон.


Кайгуул күзөт кызматында тартип жана талаптар жогору болгондуктан айымдар үчүн кызмат өтөө жеңил эмес. Бирок, Адэлина жашынан спорттун таэквондо түрү менен машыгып, көптөгөн ийгиликтерди жараткан спортчу болгондуктан чыдамкайлыгы менен дайыма ийгиликтерди жаратып келет. Ал таэквондо боюнча Кыргыстан боюнча өткөрүлгөн таймаштарда алдынкы орундарга жетишип, эл аралык турнирлерде да байгелүү сыйлыктарга ээ болгон. Буга чейин өзү машыккан спорт залында өспүрүм балдарга машыктыруучу болуп келген болсо, азыр да кызматтын графигине жараша балдарды машыктырууга үлгүрөт.
Бахтиярова Адэлина үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкек шаарында таэквондо боюнча өткөрүлгөн турнирде алдынкы орундарды жеңип алган.
Ал ата-энеси анын ийгиликтери менен сыймыктанаарын айтып, алардын ишеними Адэлинага дем-күч кошуп, дагы да көп ийгиликтерди жаратууга түрткү берээрин кошумчалады.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.