Каракол шаардык кеңешинин депутаты жана Транспорт жана жол министрлигине аймактык бөлүмүнүн башчысы кармалды

Окуялар тизмеги 06 Мар 2021 14:56
0 ой-пикир

5-мартта ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу боюнча Каракол шаардык кеңешинин депутаты жана Транспорт жана жол министрлигине караштуу жол чарба департаментинин аймактык бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттуук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Айрым маалыматта кармалган депутат “Тоша” каймана аттуу Туганбек Чолпонбаев экендиги, ал эми экинчи кармалган адам депутаттын тууганы Кудайкул Күчүков болгону жазылууда.Такталгандай, Каракол шаардык кеңешинин депутаты Ч.Т.Ч. 2015- жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде “Дорстройсервис” ЖЧКсынын негиздөөчүсү болгон учурунда, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, КР Транспорт жана жол министрлигине караштуу жол чарба департаментинин №4 аймактык бөлүмүнүн башчысы К.К.У. менен жең учунан сүйлөшүп алышып, аталган ЖЧК тарабынан Каракол шаарынын жол тармагын оңдоо иштеринин ашыкча көлөмүн аткаруу үчүн келишимдерди түзүшкөн. Кармалган адамдар Каракол шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда УКМК тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо жана ошондой эле аталган фактыларга башка кызмат адамдарынын тиешеси бардыгы боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.