Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгында айымдар сыйланды

Окуялар тизмеги 06 Мар 2021 18:33
0 ой-пикир

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгында 8-март – Айымдардын эл аралык күнүнө карата ИИББде эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан жана азыркы учурда кызмат өтөп жатышкан айымдарды майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чарага Чүй облусунун ИИББнын башчысынын милдетин аткаруучу, милициянын полковниги Сапарбек Асаналиев, анын орун басарлары, кызматкерлер жана Чүй ОИИББнын ардагерлери катышышты.

Милицияда кызмат өтөгөн айымдар кызмат учурунда жумушуна так, өз милдеттерин жогорку деңгээлде аткарып келишсе, үйүндө бирөөнүн мээримдүү энеси, сүйүктүү жары жана кыздары экенин белгилеген Чүй ОИИББнын жетекчилиги, баардык айымдарга бекем ден-соолук, узак өмүр, иштерине ийгиликтерди каалап, аларга медалдарды, ардак грамоталарды жана белектерди тапшырды.

Мындай иш-чара Жайыл РИИБде да белгиленип, жетекчилиги кызмат өтөп жаткан жана ардактуу эс алуудагы айымдарга каалоо тилектерди айтып, белектерди тапшырышты.

Ошондой эле, Чүй облусунун баардык райондук-шаардык ИИБдеринде жогорудагыдай иш-чаралар улантылып, ИИОдо кызмат өтөшкөн айымдар сыйланышты.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.