Бизнес ачам деп 16 миң доллар алып кеткен аял кармалды

Окуялар тизмеги 06 Мар 2021 21:38
0 ой-пикир

Бишкекте алдамчылыкка шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

2018-жылдын апрелинен 2019-жылдын февраль айына чейин бир аял борбор калаанын жашоочусунан бизнеске акча салам деп 16 миң доллар алып кеткен. Бирок, ал убадасын аткарбай, из жашырып кеткен. Алданган аманатчы 2020-жылдын ноябрь айында полицияга кайрылган. Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү Ш.М. келин кармалды. Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында аял СИЗО-1ге эки айга камалды. Кармалган жарандын ушул сыяктуу эки кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталды. Башка жабыркагандар дагы болушу мүмкүн. Полиция аялдын аракетинен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматка ээ болгондордун баарынан: ,  жана 102 телефондору аркылуу кабарлап коюуну суранат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.