Жогорку соттун статс-катчысы УКМК тарабынан кармалды

Окуялар тизмеги 04 Мар 2021 07:42
0 ой-пикир

Жогорку соттун статс-катчысы К.С.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы департаменттин кызмат адамдары сот аткаруучу кызматтын бөлүмдөрү үчүн “Сот тутумунун карызкорлорунун реестри” автоматташтырылган маалыматтык системаны, ошондой эле башка программаларды иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу боюнча формалдуу түрдө тендер өткөрүлгөн. Анда IT-компаниялар менен 4 миллион 84 миң 500 сомго жасалма келишим түзүлгөн. Программалар Сот департаментинин алдындагы “Адилет сот” маалыматтык технологиялар башкармалыгынын адистери тарабынан буга чейин эле иштелип чыгып, жүзөгө ашырылган.

Ага карабай Соттук департаменттин кызмат адамдары IT-компаниялары менен өз ара келишимге барышып, мурда эле иштелип чыгып, жүзөгө ашырылып жаткан программаны иштеп чыгуу үчүн жалган келишим кабыл алышкан. Ал эми бөлүнгөн каражатты кымырышканы айтылат.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.