Раим Матраимов дарыланууда

Окуялар тизмеги 04 Мар 2021 16:49
0 ой-пикир

Бишкектеги менчик «Бикард» кардиологиялык клиникасы Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бир нече күндөн бери бул ооруканада жатканын ырастады. Аталган клиниканын өкүлү Елена Баялинова Матраимовдун абалы улам өзгөрүп жатат деди:

«Бишкектеги «Бикард» кардиологиялык клиникасынын башкы дарыгери айткандай, бейтап ооруканага кан басымы оор абалда келип түштү. Кан басымы улам түшүп, көтөрүлүп, бейтаптын абалы стабилдүү болбой жатат. Ал шашылыш түрдө текшерүүгө алынып, коронарография жасалууга муктаж. Балким, башка да анализдер талап кылынат, бөйрөк кан тамырлары текшерилет. Абалы ушундай болгондуктан жакшы болуп калгыча медициналык кароого алынат».

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.