Лейлек районунда күйүүчү майды мыйзамсыз ташып бараткан төрт жүк ташуучу автоунаа кармалды

Окуялар тизмеги 04 Мар 2021 09:58
0 ой-пикир

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлады. Маалыматка ылайык, кармалган автоунаалар күйүүчү май ташууга ыңгайлаштырылган контейнерлер менен жабдылган. Айдоочулардын жүк ташууга уруксат берген тиешелүү документтери болгон эмес.

Аткезчилик жол менен 40 тоннадан ашуун күйүүчү май чек арадан чыгарылып бараткан. Ошондой эле автоунаалар коңшу өлкөнүн жаранына таандык болгон, Кыргызстандын мамлекеттик номурларын мыйзамсыз колдонуп жүрүшкөн.
Учурда бул фактыга тиешелүү башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Кыргыз өкмөт башчысынын 2-марттагы токтомуна ылайык, Кыргызстандан күйүүчү майды ЕАЭБ алкагынан тышкары сатууга убактылуу чектөө киргизилди.

Сүрөт УКМКга таандык

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.