Баш мыйзамдын долбооруна эми өзгөртүү кирбейт, деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турускулов бүгүн, 4-мартта “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө.
Турускулов Конституциянын жаңы долбоорунун авторлорунун бири.
“Баш мыйзамдын долбоору үч айдан бери талкууланды. Ошондон бери түшпөгөн сунуштар, айтылбаган сындар эми чыга баштады. 2-мартта парламент 1-окуудан кабыл алган соң сунуш, сын-пикирлер түшө баштады. Мыйзам долбоору 1-окуудан өткөн соң өзгөрүү кирбейт. 2-3-окуусунда да өзгөртүү киргизүүнүн жол-жобосу жок”, — деди ал.
Сүрөт интернеттен алынды