Алдоо жолу менен ишенимге кирип ири суммадагы акча каражатын ээлеп алып изин жашырып кеткен жаран кармалды

Окуялар тизмеги 03 Мар 2021 18:45
0 ой-пикир

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган жана материалдык зыян келтирген шектүүнү кармашты, — деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Ушул жылдын февраль айында борбор калаанын тургуну мыйзамсыз иш-аракеттердин фактылары боюнча чара көрүү өтүнүчү менен ички иштер органдарына кайрылган. 2019-жылдын аягында бейтааныш адам өзүн ийгиликтүү ишкер катары тааныштырып, алдоо жолу менен ишенимге кирип ири суммадагы акча каражатын ээлеп алып изин жашырып кеткен.
Аталган факт Октябрь РИИБнин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
Кылмышка шектүү адам криминалдык чөйрө менен тыгыз байланышта болгондуктан ИИМдин 3-башкармалыгынын (УККБ) ыкчам кызматкерлери бул ишти колго алышкан. Тергөө буйругунун негизинде жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында 2021-жылдын февраль айынын аягында Бишкек шаарынын тургуну, 1979-жылы туулган жаран А.К. кармалган.
Кармалган адам тергөөгө өткөрүлүп, баш коргоо чарасы соттун чечими менен эки айга камакка алуу түрүндө тандалды. Алынган маалыматтарга караганда ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.
Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.