Жергиликтүү жарандык коомдун өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдошту

Окуялар тизмеги 02 Мар 2021 13:25
0 ой-пикир

Гүлшайыр Абдирасулова, Мирзат Ажиев, Айсулуу Алымбек кызы, Тимур Шайхутдинов, Эркин Асаналиевдин кайрылуусун активист Атыр Абдрахматова таратты. Алар кайрылууда президенттен оппозициялык маанайдагы жарандарды куугунтуктоого жол берилбестиги боюнча позицияны ачык билдирүүнү талап кылышты.

Бийлик органдарынын туура эмес иштерин сынга алуу, каршы пикирлердин болушу жана аны эркин таркатуу — мамлекеттин өнүгүү деңгээлинин көрсөткүчү экенин эске салышкан. Атыр Абдрахматова акыркы учурда бийликтин дарегине сын айткан активисттерге коркутуу, каралоо, кодулоо күчөгөнүн айтты. Ал мамлекет сөз эркиндигин жана эркин ой билдирүү укугунун сакталышын камсыздашы керек деп эсептейт:

«Сын-пикир айткандарга моралдык коркутуу же кысым көрсөткөн, “макул эместигиңердин кесепеттери жөнүндө ойлонушуңар керек” деп кыйытып, кодулоо үчүн ар бир мамлекеттик же укук коргоо органынын кызматкеринин жоопкерчилигин карап, жумуш ордунан бошотулаарына кепилдик беришиңизди талап кылабыз. Жарандык активисттерди коркутуу боюнча маалыматтар тез арада тергелип же кызматтык текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы коомчулукка ачык жарыяланышы керек. Урматтуу Садыр Нургожоевич, сиз эл үчүн жооптуу кызматтын үлгүсү болом деп убада бердиңиз! А биз, эл, ар кандайбыз. Биз силер менен, УКМКнын төрагасы, ички иштер министри, кеңешчилериңер менен бирдей ой жүгүртө албайбыз, дем ала албайбыз, сүйлөй албайбыз, жашообузду бирдей өткөрө албайбыз. Сынга жана башка ой-пикирлерге ыраазычылык билдирүү керек. Мурунку президенттердин жолун улап коркутуп, түрмөгө отургузуп, жок кылып же кемсинтүү — бул туңгуюк», — деди Абдрахматова.

Cүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.