Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы кармалды

Окуялар тизмеги 02 Мар 2021 15:29
0 ой-пикир

Кечээ, 1-мартта УКМК ККК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы К.Н. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, ЭККМК кызматкерлери, кызматтык абалынан пайдаланышып, жарандар менен сүйлөшүп алышып, Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана ири өлчөмдөгү каражаттарды Кыргызстандан чыгарып кетүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушкан.

Ушул мыйзамсыз иш-аракеттердин натыйжасында 2020-жылдын март айынан октябрь айына чейин Кыргыз Республикасынан 59,5 миллиард сом сыртка ошол эле учурда салык төлөөдөн качуу түрүндөгү алдын-ала зыян 500 миллион сомдон ашык болгон.

Алынган маалыматка ылайык, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери аталган мыйзам бузууларды жашырганы үчүн аталган каналдын уюштуруучуларынан 180 миллион сом өлчөмүндө пара алышкан.

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоо үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.